Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан мончо-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жаткан курулуштун жалпы аянты 2 миң 705,41 чарчы метр. Анда жер төлөсү менен эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо жалпы 240 орунга ылайыкталып, эркектер үчүн 120, аялдар үчүн 120 болуп бөлүнгөн. Анда унаа токтотуучу жай да каралган.