"Зарылчылык болбосо сыртка чыкпаңыз!".  Аптапттуу ысык 19-июлга чейин уланат

Өлкөдө 17-19-июль күндөрү аба ырайы кескин ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталат. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40 градуска чейин болсо, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38 градуска чейин болушу күтүлөт.

"Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл. Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат", - деп эскертти ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан