"Алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндө ата-энесинин өнөрүн улап, талантын өздөштүргөн балдар арбын. Ага байланыштуу SUPER.KG порталы таланттуу ата-эненин чыгаан уул-кыздарын тизмектеди.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Динара Акулова 1964-жылы 10-сентябрда туулган. Ата-энеси чыгармачылыкка жакын адамдар болгон. Атасы Догдурбек комуз чертип, апасы Гүлай экөө майрамдарда эл алдына чыгып ырдап жүрүшкөн. Ата-энесинин, өзүнүн таланты кызы Малика Динага өткөн. Учурда Акулованын кызы Малика Дина белгилүү ырчылардын катарын толуктап турат. Малика Динанын “Айтчы себебин”, “Атаке”, ”Кызганамын”, “Кыргыз кызы”, “Жүрөсүң жүрөгүмдө” жана башка ырларын күйөрмандары сүйүп угуп келет. Учурда ырчы айымдын Айкүн аттуу кызы бар.
Кыргыз Республикасынын эл артисти “Кыз бурак” эстрада тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын чыгармачылыкка болгон алгачкы кадамы 1972-жылы башталган. Ошол жылдары ыр жазып, обон чыгара баштаган. 1973-жылы “Шоола” деген топ түзүлүп, ал топто алгачкы урма аспапты ойногон кыз болгон.
Ал эми “Кыз-Бурак” кыздар эстрадалык тобу 1976-жылы түзүлүп, ошол күндөн баштап бүгүнкү күнгө чейин бул топ элдин сүймөнчүлүгүнө арзып, көптөгөн чыгармаларды аткарып келет. Аталган топто кызы Сайкал Садыбакасова да ырдап келген. Гүлшайыр Садыбакасова "Кыз бурак" тобун Сайкал Садыбакасовага өткөрүп берген.
Азыркы тапта Сайкал Садыбакасова “Сенсиң”, “Эстей жүр”, “Жан кызым”, “Жакшы сөз айтчы мага” жана башка көптөгөн чыгармаларды аткарып келет. Белгилей кетсек, Сайкалдын Амантур аттуу уулу бар. Жакында уулуна арнап элден бата алып, той берди.
Композитор жана мультиинструменталист Курмангазы Азыкбаев 1962-жылы Нарын облусундагы Баетов айылында туулган. Курмангазы Азыкбаев "Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти" жана " Эл артисти" наамдарынын ээси. Ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүн кыдырып, кыргыздын 37 үйлөмө аспабында жана бир катар башка аспаптарда кол ойнотот. Ошондой эле бул өнөрдү кызы дагы аркалып, кызы Нурайым Азыкбаева бир катар музыкалык аспаптарды ойноп, ырдап келет. Учурда Нурайым Азыкбаева үй-бүлөлүү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт айылында туулган. Расул Маматкулов алгач, 1989-жылы “Жаштар” фестивалын жеңип алган, ошондон кийин чыгармачылыкка аралашкан. Азыр бир нече чыгармалары, обондору элдин жүрөгүнөн орун алды. Анын өнөрүн кызы Айгерим Расул кызы улантып келет. Айгерим өзгөчө клиптери, ырлары менен элдин сүймөнчүлүгүндө. Учурда Айгерим Расул кызы үй-бүлөлүү.
Белгилүү куудул, обончу, ырчы Кубик Калыков жана анын кызы Айпери Кубик кызынын чыгармачылыгына баш багалы. Кубик Калыков: “Атам 12 жашында мугалим болгон, манас айткан, комуз черткен, өз учурунун сабаттуу адамы эле. Апам уз болчу. Мага сүрөтчүлүк өнөр апамдан калган”, – деп билдирген бизге берген маектеринин биринде. Бул өнөрдү улантып Кубик Калыковдун кызы Айпери Кубик кызы дагы өнөр адамы. Атасы менен кызы биргеликте дуэт ырларын дагы аткарып келишет. Учурда Айпер Кубик кызы үч баланын энеси.
Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы Ош облусундагы Савай айылында туулган. Куудул “Таң жылдызы”, “Бешилик”, “Бештапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеп, куудулдарды тарбиялап чыккан. Сатирадан тышкары ыр дагы жазганы белгилүү. Ал эми Рахман Разыковдун уулу Каныбек Разыков да ата жолун улап элге күлкү тартуулап келет. Учурда Каныбек Разыков үй-бүлөлүү, жубайы Айзада экөө үч уулду тарбиялап келишет.
Актёр Арнис Кыдырмышев жана актриса Альбина Имашева театрда иштеп жүрүп үй-бүлө курган таттуу түгөйлөр. Жубайлар Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайын бирге аякташкан. Учурда бир катар спектаклдерде, кинолордо башкы каармандын ролдорун жаратып келишет. Азыркы тапта алар үч кыздын ата-энеси. Улуу кызы Маделена ата-энесинин жолун жолдоп кинолордо роль жаратып келүүдө. Мадалена үй-бүлөлүү, жолдошу экөө жакында кыздуу болушту. Ал эми Мадалена жолдошу Нуркул менен биргеликте үй-бүлөлүк тамашалуу видеолорду тартып келишет.
Белгилүү куудул, ырчы, пародист, коомчулукка "Шорпо" деген каймана аты менен таанымал болгон Жаныбек Алыкулов 1960-жылы Жалал-Абаддын Жаңы-Жол айылында туулган. Чоң сахнага 1980-жылдары кадам таштаган. Алыкулдун талантына ошол кездеги президент Аскар Акаев да өзгөчө баа берип, алтын саат белек кылган. Куудулдун 50 жылдык маарекесинде “Маданиятын мыкты кызматкери” наамы ыйгарылган. Белгилей кетсек, Жаныбек Алыкуловду 2014-жылы 54 жаш курагында шум ажал алып кеткен. Анын 4 уул, эки кызы бар. Уулу Манас Алыкулов чыгармачылыктагы адам, тамадалык кызматты дагы аркалап келет.