Ысык-Көл облусунда "Автоураган" иштеп жатат жана 29 автоунаа кармалды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Жайкы туристтик мезгил-2023" иш-чарасы учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 2-июлунан тарта Ысык-Көлдүн Чолпон-ата шаарында жылып туруучу "Автоураган" аппараттык-программалык комплексси ишке киргизилген.
Бул аппараттык-программалык комплексинин жардамы менен Чолпон-Ата шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери одоно жол эрежелерин бузган жалпы 29 авто унааны аныкташып, атайын айып короо жайына токтотушту.