Мекендешибиз, визажист Аида Курсанова Москва шаарында өткөн каш жасалгалоо (перманенттик макияж) боюнча эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды. Ал SUPER.KG порталына карьерасы жана перманенттик макияждын артыкчылыктары, кемчиликтери тууралуу маек берди.
2 жыл мурун бул сынак дайыма уюштурулуп турарын уккам. Бул жылы мен да сынакка катышып, өз күчүмдү сынап көргүм келди. Бир группада 7-8 кыз болуп 4 ай бою даярданып, баарыбыз эң алдынкы орундарды ээледик. Аталган сынакка дүйнөнүн ар бурчунан келген визажисттер катышты.
КИЧИНЕКЕЙ КЕЗИМДЕН ЭЛЕ БУЛ КЕСИПКЕ КЫЗЫКЧУМУН
- Мектепти аяктаган соң Оштогу окуу жайлардын биринде англис тил мугалими адистигине тапшыргам. Бирок 1-курстун жарымына чейин эле окуп, таштап койдум. Бул жактан келечегимди көрбөгөн соң Бишкекке барып, чач-тарач курсун окудум. Ал чөйрөдө бир аз иштеп, бул тармак меники эмес экендигин түшүндүм. Кийин перманенттик макияжга кызыга баштадым, ушу чөйрөдөн өзүмдү таптым.
КАРДАРЛАРДЫН ҮЙҮНӨ БАРЫП ИШТЕГЕН КҮНДӨРҮМ БОЛДУ
- Башында өзүбүздүн аймакта сулуулук салонун ачып, ишкерлик кыла баштаганбыз. Андан соң жолдошумдун сунушу менен Москвага келдик. Албетте, кыйынчылыктар болду. Кардарларды табуу жагынан атаандаштар көп. Кардар чогултуу үчүн алардын үйүнө чейин барып иштеген күндөрүм болду. Андайда кызыктуу учурлар көп эле болгон. Эсимде, бир жолу Москванын башка облусуна барышым керек эле. Эртең мененки саат тогузга метродон түшүп, андан ары автобус менен бармакмын. Ал убакта телефонум эски, автобуска жол кирени телефон менен төлөйм го деп ойлогом. Телефонум өчүп калып, ошол бойдон иштебей калды. Жанымда акча жок, карта менен төлөөгө болбойт. Элден 50 рубль сурап атып тапкам, ыйлап да алдым.
ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖ ДЕГЕН ЭМНЕ?
- Перманенттик макияж - жеткиликтүү өнүккөн процедура, ар бир аялзатына в рахат тартуулайт. Көп убакытка чейин өчпөй аялдын сулуулугуна сулуулук кошот. Убакыт дагы үнөмдөлөт. Негизи ар бир адамдын кашы ар кандай формада болот. Көпчүлүгү кашынын формасын чийүүдө көп убакыт кетирип, формасын чыгара албай убара болушат. Азыр убакыт аябай баркталып калган учур, андыктан бул процедура убакытты үнөмдөөгө жардам берет. Менимче өзүнүн убакытын баалагандар перманенттик макияжды жасатышат.
КАШ, КИРПИК ӨСПӨЙ КАЛАТ ДЕГЕН МИФ
- Боёк кеткенден кийин каштын, кирпиктин кайра өспөй калуу коркунучу бар деген жөн эле миф. Негизи ал боёктун сапатына жараша болот. Мисалы эң жогорку сапаттагы боёктор бир жолу койгондон кийин эле териден түсүн жогото баштайт. Себеби боёктор минералдык жана гибриддик болуп эки түргө бөлүнөт. Мен жалаң минералдык боёкторду колдоном. Биринчиден алар кызарбайт, көгөрбөйт жана өчүргөнгө жеңил болот.
КАЙСЫ УЧУРДА ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?
- Бул процедураны кош бойлуу кезде, кант диабети менен ооругандар, кан басымы жогору болгондор жасата алышпайт.
ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИН ВИЗАЖ БОЮНЧА ТАЛАБЫ КАНДАЙ?
- Каш боюнча ар кимдин табити ар кандай, минимализмди жактыргандар көп.
КЫРГЫЗСТАНДА АВТОРДУК КУРСУМДУ АЧСАМ ДЕЙМ...
- Кыргызстанга 2-3 айдын ичинде барсакпы дегем. Өлкөмдө, алгач өзүмдүн туулган жеримде сулуулук салонун, автордук курсумду ачсамбы дейм. Мени "бузулган каштарды кантип, кандай жол менен оңдоого болот" деген тема кызыктырат. Азыр ошонун үстүндө билимимди тереңдетип жатам.
ЖАШ КЫЗДАР СУЛУУЛУК БОРБОРУНДА ОКУШУП, БИРОК ИШТЕБЕЙ ТАШТАП КОЮП ЖАТЫШАТ
- Акыркы учурда жаш кыздар сулуулук борборлорунда 3-4 ай окушуп эле кийин андан ары иштеп кетпей таштап коюп жатышат. Эгерде кызыгуу болсо ошо кесип менен чын жүрөктөн алектенет. Бул тармактан көп акча тапканга болот, азыр баары эле сулуулук кызматтарын жакшы колдонуп калышты. Кыргыз кыздарынын арасында чет жерлерде ушу тармак аркылуу өз ордун таап, бутуна туруп кеткендер деле бар.