"Ишенген тоом сенсиң". Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жубайы сыркоолоп калганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун жубайы сыркоолоп ооруканада жатат. Бул тууралуу депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Достор, мен эс алып каникулда жүрсөм, келинчегим ооруп калыптыр. Балдарымдын энеси, ыраматылык атамдын жакшы көргөн келини, Кудай шыпаа берип, жакшы болуп кет, алтыным, так эткендин баарына көңүл бурба. Жакшы болуп кетесиң, мен ишенем", - деп жазды депутат.

Ошондой эле ал жубайы эртең менен ооруканадан вотсап аркылуу кат жазып кетиргенин кошумчалады.

"Мага эртең менен ооруканадан кат жазып, жиберип коюптур: “Жусуп, азыр дарыгер келсе, алып кирип кетет. Баары жакшы болот деп ойлойм. Эми баары Кудайдын буйругу менен. Бирок бир нерсе болуп кетсе балдарымды жакшы кара сураныч, кызым өзү чоң болгону менен көңүлү назик, көп урушпа. Эки кичине козумдун көзүн жалдыратпа. Ишенген тоом сенсинюң, бар тапкан балдарымды кор кылдырбаса болду" деп. Каякка шашасың? Мендей кишиден оңой кутулбайсың деген киши жок. Дуба кылып коюңуздар", - деп жазды Жусупбек Коргонбай уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан