Бүгүн, 14-июлда ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп полковник Нурдин Шаматов дайындалды. Буйрукка өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кол койду.
Ал буга чейин ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеп турган.