Бишкектеги "Бахчай" кафесинен бомба табылган жок 

Бишкектеги Каралаев көчөсүндө жайгашкан "Бахчай" кафеси курчоого алынып, ичиндеги адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 14-июль күнү саат 09:53тө 102 кызматына Бишкектин С.Каралаев көчөсүн бойлой жайгашкан кафелердин биринин аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол замат ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөшкөн. Ал жерге келгенден кийин кафенин айланасы дароо милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, ичиндеги адамдар эвакуацияланган.

Текшерүү жана издөө иштеринен кийин кафенин аймагынан бомба табылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан