Коңшу Казакстандын ички иштер министрлиги "Дикий Армандын" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармап жатат. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Арман Жумагелдиевдин оң колу болгон "Нойс" каймана аты бар Нуржан Иманалиевге эл аралык издөө жарыяланды. Ал белгилүү айтышчы Айнур Турсынбаеванын күйөөсү экени белгилүү. Учурда аны кармоо жана Казакстанга экстрадациялоо иштери жүрүүдө.
Эл аралык издөөгө алынган "Нойс" учурда камакта жаткан арман Жумагелдиевдин оң колу.
Казакстандын ички иштер министрлиги "Дикий Армандын" уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн кармоону үч этап менен жүргүзүүдө.