Атактуу мушкер  Украинанын президенттигине талапкерлигин коё турганын билдирди

Атактуу мушкер Александр Усик карьерасын жыйынтыктагандан кийин Украинанын президенттигине талапкерлигин коёт. Бул тууралуу мушкер Seconds Out YouTube-каналына берген маегинде билдирди.

Усиктин айтымында, ал алгач кайрадан абсолюттук чемпион болот, андан соң президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөтөт.

"Мен биринчи кайрадан абсолюттук чемпион болом. Анан карьерамды жыйынтыктайм дагы Украинанын президенттигине талапкерлигимди коём"- деп билдирген Усик.

Белгилей кетсек, 36 жаштагы мушкер Александр Усик WBA Super, IBF жана WBO версиясы боюнча оор салмактагы титулдардын ээси. Ал 26-августта Вроцлавда британиялык мушкер Даниел Дюбуа менен IBF/IBO/WBA Super/WBO версиялары боюнча дүйнө чемпиону болуу үчүн беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан