Коңшу Казакстанда 102 жыл мурдагы абанын температура рекорду жаңылады. Бул тууралуу "Казгидромет" билдирди.
102 жыл мурдагы аба температура рекорду июнь айында катталган. Синоптиктер июнь айынын башындагы катуу ысык рекордду жаңылаганын белгилешкен.
8-июнда Түркстан облусунда абанын температурасы +40,7 градус ысык болуп, рекордду жаңылаган. Акыркы жолу мындай ысык июнь айында 1921-жылы болгон. Анда абанын температурасы +40 градуска жеткен.
Маалым болгондой, июнь айынын экинчи жана үчүнчү он күндүгүндө деңиздерден муздак аба массаларынын акырындык менен агылып кириши байкалып, ага байланыштуу абанын температурасы төмөндөгөн.
"Июнь айы республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын аз жааган ай болду, бирок кээ бир күндөрү өлкөнүн батышында жана түндүк-батышында нөшөрлөгөн жаан жааган. Бул циклондордун өтүшүнө байланыштуу", - деген "Казгидромет.
"Казгидромет" июль айына карата жыйынтыгын чыгара элек. Учурда бул өлкөдө деле Кыргызстандагыдай эле мээ кайнаткан ысык болууда.