Бүгүн, 14-июлда Венгриянын борбору Будапешт шаарында күрөш боюнча рейтингдик турнирдин экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Бул рейтингдик мелдешке 62 килограмм салмакта катышып жаткан Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.
Жарым финалда Тыныбекова бразилиялык Лайс Нуньести 5:2 эсебинде жеңип, татыктуу түрдө турнирдин финалына жолдомо алды.
Финалда Айсулуу Тыныбекова 4 жолку Европа чемпиону жана бир жолу Дүйнө чемпиону болгон болгариялык Биляна Дудова менен кез келет.