Бишкекте 11 жаштагы уулун рулга отургузган жаранга 15 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарында 11 жаштагы уулуна Toyota Camry унаасын берген жаранга 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 13-июль күнү кечинде Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы А.Н., өзүнүн Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү унаасын 11 жаштагы уулуна берген. Анын уулу унааны айдап бара жаткан видео коомчулукка жарыяланган.

Учурда Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү унаасы атайын айып короого токтотулуп жаш өспүрүмдүн атасына карата унааны жашы жете элек баласына ишенип бергендиги үчүн, укук бузуу протоколу толтурулуп 15 миң сом айып салынды.

"Бишкек шаарынын тургуну 40 жаштагы айдоочу А.Н. аким болуп мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес, жеке ишкер. Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, коопсуздукка терең көңүл буруу зарыл экендигин эскертишти", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.

видео.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан