Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча рейтингдик турнирде кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова алтын байге утту.
Аталган турнирге 62 килограмм салмакта катышкан Айсулуу Тыныбекова финалда болгариялык күчтүү делген Биляна Дудова менен кез келди. Кыл чайнашкан беттештин жүрүшүндө кыргыз балбаны атаандашын 2:1 эсебинде утуп алды.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова 4-рейтингдик турнирде алтын байге утту. Бул Кыргыз курамасынын аталган рейтингдик турнирдеги алгачкы алтын медалы.