Блогер Улубек Карыбек уулунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалышы боюнча анын жакын досу, белгилүү мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу билдирүү жасады.
Мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Улукбек Карыбек уулун Ошко алып кетишкенин билдирди.
"Урматтуу мекендештер! Эл кызматында жүргөн белгилүү иликтөөчү журналист Улукбек Карыбек уулун Ошко күч кызматкерлери алып кетишти.
Акыркы жолу Ош облусундагы төрөтканалардын бириндеги мыйзамсыз жагдайларды чагылдырган болчу. Ар кандай жалаа, каралоого аракеттенгендер колуңарды тарткыла", - деп жазды Бусурманкул Абдибаит уулу.
Белгилей кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулу Улукбек Карыбек уулунун жакын досу. Ал учурда АКШда жүрөт.