К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кечээ, 14-июлда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.
Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү "Узун Улан" каймана аты бар К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы - С.А.С., ошондой эле уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды.
"Алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 миллион сом зыян келтирилген. Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдовар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.