Орусиялык ырчы МакSимди аракечтиктен дарылоонун адаттан тыш ыкмасын орусиялык шоумен Стас Барецкий сунуштады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Мен МакSимди өз алдынча көмүү жолу менен бекер айыктырууга даярмын, анын жардамы менен бир кезде ырчы Данкону депрессиядан айыктыргам. Башкача айтканда, аны табытка салып, 30 мүнөттөй көмөбүз. Ал шланг аркылуу дем алат. Андан кийин казып алабыз, анан айыгат", - деген Барецкий.
Шоумендин айтымында, бул ыкма адамга жашоонун баалуулугун түшүнүүгө жардам берет. Барецкий өзүн-өзү көмүү чыныгы көрүстөндө жүргүзүлөрүн баса белгиледи.
Буга чейин ырчы МакSим алкаголдук көз карандылыктан дарыланып жаткандыгы кабарланган.