Блогер Улукбек Карыбек уулу милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10-июль күнү Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына саат 16:52 чамасында блогер Улукбек Карыбек уулу видео тартуу тобу менен чогуу кирген. Анда күзөт кызматынын кызматкерин министрдин кабылдамасынан чыгуусун суранган учурунда “ЖМК жөнүндө” мыйзамына таянып кабылдамадан чыкпай өзүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган.
Жогорудагы аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
"Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан жаран Улукбек Карыбек уулунун жүргөн жери аныкталып, укук бузуу протоколун толтуруу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу Биринчи Май РИИБдин коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, ал жерден укук бузуу протоколу толтурулуп, жогорудагы жарандар коё берилген", - деп билдиришти ИИМден.
Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.