Орусияда төңкөрүш жараткан "Вагнерчилер" Беларуска киришти

Беларустун Могилев облусундагы Осипович шаарынан анча алыс эмес жерде машыгуу жайлары даярдалып, ал жерге "Вагнерчилер" жайгашууда. Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

"Осипович шаарынын тушунда аймактык аскерлердин бөлүктөрүндө сабактар ​​өтүлүүдө. Аскерге чакырылгандар согуш талаасында жүрүү жана тактикалык атуу ыкмаларын өздөштүрүп, инженердик даярдык жана тактикалык медицина боюнча билимге ээ болушат. "Вагнердин" согушкерлери бир катар аскердик дисциплиналар боюнча инструктор болуп иштешти", - деп айтылат маалыматта.

Беларуста канча "Вагнерчилер" бар экени так айтылган жок.

23-24-июндагы "Вагнерчилердин" Орусиядагы козголоңунан кийин компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин орус жана беларус бийлиги менен макулдашып, Беларуска кетип жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан