Ош облусунун Чоң-Алай районунда куткаруучулар бутун кокустатып алган чехиялык туристке жардам беришти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Ленин чокусуна чыкчу жолдо Чехия мамлекетинен келген турист бутун кокустатып алып жардам сурап кайрылган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.