Ош шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун төрагасы болду. Бул тууралуу Азамат Абсатаров фейсбук баракчасына жазды.
Тиешелүү буйрукка 6-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Фонддун максаты - Кыргызстан менен Азербайжан мамлекетинин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу.