Бүгүн, 16-июлда Ошто блогер Улукбек Карыбек уулунун баш коргоо чарасын тандоо боюнча сот отуруму башталганы жатат.
Сот залына блогерди колдоп келген адамдар батпай калды. Блогерди колдоп келгендер сот отурумун чоң залда өткөрүүнү суранышты. Укук коргоо органдары мындан чоң зал жок экенин билдирди.
Залга адамдар батпай калгандыгына байланыштуу сот имаратынын сыртында дагы адамдар кире албай калды.
Сотко келгендер колдоруна "Улукбекке боштондук" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат.