Түрк бийлиги чет элдиктерге Стамбул шаарынын бардык аймагында убактылуу жашоого (ВНЖ) тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын октябрынан бери мындай чектөө шаардын 39 районунун 10унда күчүндө. Эми чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүүдөн баш тартуу Стамбулдун бардык райондоруна жайылды. Ишке ашыруу Түркиянын Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө болот.
Шаарга окууга жана дарыланууга келгендер үчүн өзгөчөлүктөр болору белгиленген. Ошондой эле мыйзамсыз мигранттарды кабыл алган мейманканалардын жетекчилигине айып салынат.
2022-жылы Түркияда 5 миллион 400 миң чет элдик жаран болгон. Алардын 1 миллион 200 миңден ашыгы Стамбулда жашаган.
Белгиленгендей, бул чара мыйзамсыз мигранттардын санын азайтуу каалоосу менен байланыштуу.