Турсунбай Бакир уулу Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого талапкерлигин койду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Муну менен талапкерлердин саны бешке жетти. БШКга арыз менен кайрылган талапкерлердин тизмеси:
1) Эртай Искаков;
2) Алмаз Аскар уулу;
3) Эркин Булекбаев;
4) Роман Ремнёв;
5) Турсунбай Бакир уулу.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга дайындалган.