Түштүк Кореяда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, анын кесепетинен 39 адам каза болду. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жазып чыкты.
Маалым болгондой, кечээ, 16-июлда куткаруучулар Осон шаарынын борбордук бөлүгүндө жер астындагы тоннелге тыгылып калган автобустан беш адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Мындан сырткары, 685 метрлик тоннелде автобус менен 15 унаанын калып калганы жана анда 11 адамдын дайынсыз болуп изделип жатканы айтылды.
Өткөн аптада башталган жаандан улам жалпы 211 жол жабылып, өлкөнүн борбордук райондорун башка аймактар менен байланыштырган ылдам жүрүүчү поезддердин кыймылы токтотулган. Ошондой эле 6 миңден ашык тургун эвакуацияланган.
Метеорологдордун билдирүүсүнө караганда, жамгыр бир катар борбордук жана түштүк аймактарда шейшембиге чейин уланышы мүмкүн.