Бүгүн, 17-июлда 2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.
Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы (https://2020.edu.gov.kg/vuz) акылуу тапшырышат.