Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстанда рак менен ооругандардын саны 30 миңге жетет. Ал эми бир жылда 5 миңден ашуун адамдан мындай оору табылат. Залалдуу шишикти дарылоо, алдын алуу жолдору жана келип чыгуу себептери тууралуу КММАнын медициналык борборунда эмгектенген хирург-онколог Мухамедали Маткалыков айтып берет.
РАК ЖУГУШСУЗ ООРУЛАРДЫН КАТАРЫНА КИРЕТ. БИРОК...
- Рак жугушсуз оорулардын катарына кирет. Бирок генетикалык жактан атадан балага же чоң атасынан небересине өтүшү мүмкүн. Эгерде атасы рак илдети менен ооруса баласы алдын алып, жашоо образын, тамактануусун көзөмөлдөп, өз убагында текшерүүлөрдөн өтүп турса, илдеттин алдын алса болот.
РАК ИЛДЕТИНИН БЕЛГИЛЕРИ
- Өкүнүчтүүсү, рак илдети башталгыч жана биринчи стадияларында адам сезе алчу белгилерди бербейт. Ошондуктан көпчүлүк бейтаптар 3-4-стадияларында байкашат. Башталгыч стадиясын билүү үчүн адам ар жылы алдын алуучу анализдерди тапшырып туруу зарыл. Аялдарга жана эркектерге иштеген жумушуна, ден соолугуна карап анализдерди тапшырса болот.
Рак жайгашкан жерине жана стадиясына карап ар түрдүү белгилерди берет.
Жалпылап айтканда, рактын белгилери:
ИЛДЕТТИН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ
- Чылым чегүү - ракты пайда кылуучу эң негизги фактор болуп саналат. Чылым чегүү рактын көптөгөн түрүнө алып келет. Мисалы, ооз көңдөйүнүн, кызыл өңгөчтүн, өпкөнүн, бөйрөктүн, эмчек безинин, табарсыктын рагы.
- Кыймыл-аракеттин аздыгы жана туура эмес тамактануу, семирүү. Тамак-аш рационуңузга пайдалуу жер-жемиштерди кошуңуз. Курамында нитраты бар жер-жемиштерден оолак болуңуз. Тамактануу учурунда тамакты, чайды өтө ысык абалында ичүүдөн алыс болуңуз жана жакшылап майда кылып чайнап жегенди сунуштайм.
- Алкоголду ичүү рактын көптөгөн түрүнө алып келет. Мисалга алсак, боордун, ооз көңдөйүнүн, кекиртектин, кызыл өңгөчтүн, эмчек безинин, жоон жана ичке ичегинин рагына алып келет.
- Колбаса, майонез, газдалган суусундуктар, вино жана башка алкоголдук ичимдиктер рак оорусуна алып келет.
- Гепатит В жана С - боордун рагына, папилома вирусу - жатын моюнчасынын рагына, хеликобактер пилори - ашказандын рагына алып келиши ыктымал.
- Абанын, суунун, топурактын курамында канцерогендик жана химиялык заттардын болуусу адамдын организмине залалын тийгизип, онкологиялык ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Күндүн ультрафиолет нурлары да адам баласына канцерогендик болуп саналат. Азыр Кыргызстанда күн ысык. Эртең менен же кечинде сыртка чыгууга аракет кылыңыз, баш кийим кийиңиз, синтетикалык эмес кездемелерден тигилген кийимдерди тандаңыз. Күндүн нурунан сактай туруучу атайын бет май же спрей колдонууну сунуштайм.
ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
- Ракты дарылоо комплекстүү процесс болуп саналат. Бул илдетти аныктоо алгач 3 компоненттен турат:
1. Бейтаптын рактын белгилерин билүүсү;
2. Текшерүүдөн өтүү жана дартты аныктоо;
3. Дарыгерге өз убагында кайрылуу.
Рактан биротоло арылуу үчүн:
РАКТЫН КАЙСЫ ТҮРҮ МЕНЕН КӨП КАЙРЫЛЫШАТ?
- Кыргызстанда ашказандын, жоон ичегинин, жатын моюнчасынын жана теринин рагы менен көп кайрылышат.
ДАРТТЫ АНЫКТОО КЫЙЫНГА ТУРАБЫ?
- Чынында Кыргызстандын шартында аныктоо оор. Себеби баары келип эле акчага такалат. Диагноз коюу үчүн жабдуулар жеке менчик клиникаларда бар, анткени ал жакта баары акчага жасалат. Бирок дары-дармек мамлекеттик ооруканаларда акысыз болот.
ТАБЫПЧЫЛЫК
Табыпчылык, чөп-чар менен дарылануу бул жөн гана убакытты текке коротуу деп эсептейм. Анткени рак бул адамдын клеткаларынын күн сайын көзөмөлсүз көбөйүп, алардын ткандарга, органдарга жайылышы. Бул процессти хирургиялык жол менен токтотпосо клеткалар жашоосун уланта берет.