Бишкектин Октябрь районундагы Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган жаңы конушту газдаштыруу иштери менен Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев таанышып чыкты.
Бүгүнкү күндө Октябрь району боюнча Төкөлдөш, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарындагы 7 808 турак жайдын ичинен 4 363 турак жай жаратылыш газына кошулган. Бул жалпы үйлөрдүн 56 пайызын түзөт.
Акимчиликтин кызматкерлери №6 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана кварталдык комитеттер менен биргеликте жер-жерлерде курулуш-монтаждоо иштеринин баалары жана газ бөлүштүрүүчү тармактарга кошулуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.