Ушул күнү, 17-июлда Германиянын мурдагы канцлери, дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдардын бири Ангела Меркель туулган. Ангела Доротея Меркель мамлекеттик жана саясий ишмер, табигый илимдердин доктору, физика-химия илимдери боюнча окумуштуу, "Time" журналынын 2015-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын адамы" жана дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдардын бири.
Ал 1954-жылы 17-июлда Германиянын Гамбург шаарында төрөлгөн. Орто мектепти алтын медаль менен аяктап, Лейпциг университетинин Физика факультетине тапшырган. Жогорку окуу жайын да артыкчылык менен бүтүргөндөн кийин Берлин институтунда эмгек жолун баштаган. 1986-жылы кванттык физика боюнча диссертациясын жактап, табигый илимдердин доктору болгон.
Саясаттагы жолу 1989-жылы башталган. Алгач ал "Демократиялык протест" партиясына кошулуп, бирок партия бир жылдан кийин тарап кеткен соң "Христиандык-демократиялык союз" партиясына өткөн. Ошол эле жылы Берлин дубалы кулап, Германия бириккенде Ангела Меркель ХДС партиясы менен Бундестагдын депутаты болуп шайланган.
1991-жылы ошол кездеги канцлер Гельмут Кольдун колдоосу менен Аялдар жана жаштар министри болуп дайындалган. Кийин Айлана-чөйрөнү коргоо жана өзөктүк коопсуздук министри болуп иштеген. Саясаттагы кыраакылыгы менен көпчүлүккө таанылган Ангела Меркель 2005-жылы 22-ноябрда Германия Федеративдик Республикасынын канцлери болуп шайланган. Кийин 2009, 2013 жана 2018-жылдары кайрадан аталган кызматка шайланып, 16 жыл бою өкмөттү башкарып турган. Ал канцлердик кызматын 2021-жылдын 8-декабрында Олаф Шольцко өткөрүп берген.
Ангела Меркель 1977-жылы курсташы Ульрих Меркельге турмушка чыккан. Жубайлар 5 жыл жашап ажырашкан соң 1998-жылы профессор Йоахим Зауэр менен экинчи ирет турмуш курган. Дүйнөнүн таасирдүү айымы операны жакшы көрөт. Ашканада жана бакчада көп убактысын өткөрөт. Англисче жана орусча эркин сүйлөйт.