Финляндияда авиа-шоу учурунда учак кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Финляндиянын Коувола шаарындагы Селанпаа аба майданында болгон. Анда авиа-шоу болуп, учкуч асманда бир нече жолу ар кандай трюктарды көрсөткөн. Андан соң учкуч отурган Extra 300 учагы аба майдандын жанындагы токойго кулап түшкөн.
Финляндиянын полиция кызматынын билдирүүсүнө ылайык, авиа-шоу учурунда учкуч каза болгон, ал эми көрүүчүлөрдүн арасынан эч ким жабыркаган эмес. Учурда полиция кызматы окуянын келип чыгуу себептерин изилдеп жатканы кабарланды.
Эске салсак, Финляндиядагы авиа-шоу 20 жылдан бери жыл сайын Коувола шаарында өткөрүлөт. Иш-чараны көрүү үчүн бир нече миң адам атайын аталган шаарга келишет.