Кечээ, 16-июлда Түркиянын Хатай аймагындагы Белен районунда башталган өрттү өчүрүү аракеттери уланууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Маалым болгондой, кечээ түштө Хатай аймагындагы токойдон өрт чыккан. Тилсиз жоонун алдын алуу үчүн 21 тик учак, 9 учак, 59 өрт өчүрүүчү унаа жана 500 кызматкер тартылган. Өрттүн чыгуусуна себепчи болгон деген шек менен 2 түрк жараны кармалды.
Ал эми Түркиянын токой-чарба министри Ибрагим Юмаклынын айтымында, бир суткада өлкө боюнча 19 токой өртү катталып, анын 16сы өчүрүлгөн. Учурда Хатай аймагынан сырткары, Мерсин жана Чанаккале аймагында да токойлор өрттөнүп жатканы айтылды.
Ошондой эле өрттөн чыккан түтүн болжол менен 40 чакырым алыстыктагы Антакия шаарын да каптаганы маалым болду.
Юмаклы жергиликтүү басылмаларга берген маегинде, аталган аймактагы жергиликтүү тургандар эвакуацияланып, 7 турак жай өрттөнгөнүн жана 5 унаа жабыркаганын билдирген. Ал эми токой-чарба министри жаракат алгандар жана каза болгондор боюнча азырынча маалымат бере элек.