Бүгүн, 17-июлда Бишкектеги "ГУМ" соода борборунда бомба бар деген маалымат түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Белгилүү болгондой, саат 10:50 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына “ГУМ” соода борборунда болжолдуу түрдө бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБинин тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишти.
"Учурда соода борбору милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Соода борборунун кызматкерлери жана жарандар эвакуацияланды. Бул маалыматты тактоо боюнча керектүү иштер жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.