Кечээ, 16-июлда Жалал-Абал облусунун Ала-Бука чек ара бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан майнинг үчүн керектүү болгон жабдуулар табылды. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ала-Бука районуна караштуу Жаңы-Шаар конушунун четинде чек арачылар суу чарба насостук станциясынын аймагында жайгашкан белгисиз техникаларды табышкан. Көп өтпөй аталган жабдуулардын криптовалютанын майнинги үчүн керектүү аппараттар экени аныкталган.
"Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин техникалар алынып, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн улуттук коопсуздук комитетинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми канча жабдуу табылганы боюнча УКМК маалымат берген жок.
Кошумчалай кетсек, майнинг-ферма криптовалюталарды (биткоин) чогултуу менен алектенет. Ал электр энергиясын өтө көп талап кылган компьютерлер жана атайын дата-борборлор аркылуу иштейт.