Өлкөдө апта ичинде жол эрежесин бузгандардын саны 22 миңден ашты

Өлкөдө 10-июлдан 16-июлга чейинки аралыкта 22 миң 348 жол эрежесин бузуу фактылар катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу - 288;

- мас абалында рулга отуруу - 218;

- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 60;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар -1 076;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 880;

- автоээнбаштык - 6;

- белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 499;

- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 315.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 730 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан