
Орусиядан көп жылдык чөптүн мыкты сорттогу 99,5 тонна үрөнү жайлоолордун деградация болуп бара жатышын токтотуу максатында сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 99 тоннанын ичинен 490 килограмм жайлоо чөптөрүнүн үрөндөрү күзүндө 10 миң гектарга себилмекчи. Калган беш тонна 10 килограммы жайыттардагы жаңы үрөндү өстүрүү үчүн колдонулат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жайлоонун жалпы аянты 9 миллион гектар болсо, алардын арбын бөлүгү деградация болуп кеткен.