Күзүндө Кыргызстанга бир катар чет өлкөлөрдүн лидерлери келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 265 атайын техникаларды тапшыруу учурунда билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын октябрь айында Бишкекте жогорку жана эң жогорку деңгээлде бир нече ири эл аралык иш-чаралар өтөт.
"Анда Кыргызстанга 12 мамлекеттин башчылары келет", - деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында октябрь айында КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин, КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жана КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрүү пландалууда.