Кыргызстандык ФИФА калыс жардамчысы Рамина Цой 2023-жылкы кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун оюндарын тейлөөгө даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 32 команданын катышуусунда өтө турган Дүйнөлүк биринчилик 20-июлдан 20-августка чейин Австралиянын жана Жаңы Зеландиянын тогуз шаарында орун алат. Цой бул турнирде Борбордук Азиянын калыстары арасындагы жалгыз өкүл.
"Азыркы убакытта Цой Сидней шаарында (Автралия) турнирге камынууда. Даярдыктын алкагында ал машыгууларга жана семинарларга катышып, достук беттештерди тейлеп жана фитнес-тесттерди тапшырууда", - деп айтылат маалыматта.