Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн кинофестивалы өтөт

Бишкекте 18-22-июль күндөрү КМШ, Балтика жана Грузиянын кыска метраждуу тасмалар эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
"Манас" кинотеатрында өткөрүлө турган кинофестиваль бул жылы Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган. Ага Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын режиссёрлору катышат. Учурда улуттук жана чет элдик кино тартуучулардан жалпы 600гө жакын катышуу арызы келип түшкөнү айтылды.
Аталган иш-чара "КМШга мүчө өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фонду", Маданият министрлигинин алдындагы Кино департаменти, "Айтыш" коомдук фонду жана "Маданий кызматташтык" коомдук фондунун көмөгү менен өткөрүлүүдө.
Кинофестиваль КМШ, Балтика жана Грузия мамлекеттери арасындагы маданий диалогду өнүктүрүү, салттуу-маданий баалуулуктардын өзгөчөлүгүн сактоо жана байытуу максатында 2011-жылы негизделген. Аталган чөлкөмдө тартылган мыкты фильмдерди көрүүчүлөргө тартуулоо жана кино тартуучуларга бирдиктүү аянтча түзүп берүү долбоордун башкы жетишкендиктеринин бири болуп саналат.
Уюштуруучулар 18-22-июль күндөрү саат 17:00дө "Манас" кинотеатрында фильмдер көрсөтүлө турганын белгилейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан