Белбоо күрөшү боюнча курама команда Дүйнө чемпиондугунда 13 медаль жеңди

Белбоо күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү 14-16-июль күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 13 медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Ага ылайык, кыз-келиндер арасында эркин түрү боюнча +76 килограмм салмак категориясында Айжан Анарбекова коло медалга ээ болду.

Эркектер арасында эркин түрү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта Толубай Шүкүров, 90 килограммга чейинки салмакта Бектуркан Кожомуратов жана 100 килограммга чейинки салмак категориясында Баястан Идирисов алтын медаль тагынышты.

Ал эми 82 килограммга чейинки салмакта Мадаминбек Шаршеналы күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле 68 килограммга чейинки салмакта Мирлан Осмоналы уулу, 75 килограммга чейинки салмак категориясында Айболот Аманов, 90 килограммга чейинки салмакта Болотбек Туратов жана +100 килограмм салмакта Бактияр Мирлан уулу күмүш медалга ээ болушту.

Эркектер арасында классикалык түрү боюнча +100 килограмм салмакта Бактияр Мирлан уулу алтын медаль тагынды.

Ошондой эле 57 килограммга чейинки салмакта Нурислам Алимбеков, 75 килограммга чейинки салмак категориясында Айболот Аманов жана 82 килограммга чейинки салмак ченинде Манас Үсөнов коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетечилиги алдында мелдешке катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан