Боливияда суудан сырткары жашай алган балык түрү табылды

Түштүк Американын Боливия өлкөсүндө бир нече саат бою кургактыкта жашай алган жаңы балык түрү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, узак убакыт бою суудан сырткары жашай алган, дем алуусу башкача болгон өзгөчө балык табылган. Изилдөөчү Хайнц Арно Драверт жергиликтүү басылмаларга берген маегинде, жаңы балык түрү суудан өз ыктыяры менен чыгып, бир нече саат бою сыртта дем алууну улантканын билдирген.

Көп жылдан бери балык түрлөрү боюнча кеңири изилдөө жүргүзгөнүн белгилеген Драверт жаңы табылган балык түрү токойдо жашай аларын баса белгилеген.

"Узундугу болжол менен беш сантиметрге жеткен бул кызыктай балыктын денеси жашыл-боз, түстүү тактары бар. Токойдун белгилүү жана убактылуу суу экосистемаларында жашай алат. Жумурткалары кургакчылыкка туруштук бере алат, аларга эч нерсе болбойт. Бул балыктын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – жумурткаларынын бат ыңгайлашуусу"- деп билдирген ал.

Ошондой эле Драверт жаңы табылган балык түрү корголушу керек экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан