Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Чүй облусу боюнча ЖККББнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-июлда болжол менен саат 06:20 чамаларында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда ДЭУ-Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып уктап кеткен. Ал ошол эле багытта бараткан Мерседес Бенц-311 үлгүсүндөгү авто унаа менен сүзүшүп, жол кырсыгына учураган.
Кырсыктын кесепетинен Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жана ичиндеги жүргүнчүлөр жаракат алып, Кемин райондук аймактык ооруканасына жеткирилген.
ЖККББ кошумча маалымат берилерин билдирди.