Өлкө аймагы боюнча мыйзамсыз иш алып барып жүргөн 47 бинардык опцион жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында бинардык опцияларды соодалоо шылтоосун жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген 47 бинардык опцион жабылды. Алардын имараттарындагы жазуулар алынып салынды.
Учурда аларга Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, тишелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
"Аталган жайлар Бишкек шаарында Ахунбаев, Дэн Сяопин, Бейшеналиева, Фучик, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Сүйөркулов көчөлөрүндө, Чүй жана Жибек жолу проспектисинде жайгашкан. Ошондой эле, Чүй облусунда, Сокулук, Ысык-Ата райондорунда, Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда, Ош шаарында жана Кара-Суу районунда иш жүргүзүп жаткан. Иликтөө иштеринин алкагында аталган мекемелерге тинтүү жүргүзүлүп, кызматкерлер жана ойногондор суракка алынып, бинардык опциондорго тиешелүү компьютердик техникалар алынды", - деп айтылат маалыматта.
ИИМ учурда өлкөнүн бардык аймагында ушул багыттагы мекемелер катуу текшерүүгө алынып жатканын, алардын мыйзамсыз ишмердиги аныктала турган болсо жабылып, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалады.