"Бээни союп, эт базарга өткөрүп салган". Чүйдө мал уурдоого шектүү тургундар кармалды

Ички иштер министрлигинин астындагы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери мал уурдоо менен алектенген бир канча шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айында Чүй облусунун аймагында мал уурдоо кылмыштары көп катталып жатканы туурасында маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө керектүү маалыматтар чогултулган. Июнь айынын аягында Беловодское айылынан анча алыс эмес жерде шектүү деп саналган Merсedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган учурда ичинде уурдалган кулундуу бээ бар экендиги аныкталган. Ал эми уурулукка шектүү катары 1995-жылы туулган Ж.Ш аттуу Токмок шаарынын тургуну жана 1986-жылы туулган М.А аттуу Ысык-Ата районунун тургуну кармалган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында унаадагы жылкы Москва районунан уурдалганы белгилүү болгон. Учурда кармалгандардын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги иликтенип жатканы айтылды.

Ошол эле убакта Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мал уурдоого байланышкан дагы бир кылмыштын бети ачылганы маалым болду. Анда Сокулук РИИБине жергиликтүү жаран кайрылып, 24-июнь күнү Жаңы-Жер айылынан кулундуу бээсин уурдатканын билдирген.

Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 7-июль күнү Бишкектен кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.С аттуу Жети-Өгүз районунун тургуну кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө уурдалган кулун табылып, ээсине өткөрүлүп берилген. Ал эми бээни союп, эт базарга өткөрүп салганы белгилүү болгон. Учурда аталган иш боюнча тергөө амалдары уланып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан