Орусиялык актриса Ольга Шувалова Москвада өз жанын кыюуга аракет кылды. Учурда дарыгерлер аны сактап калууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 37 жаштагы актриса ууланып ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер менен сүйлөшүүдө ал өз жанын кыйгысы келгенин моюнуна алган. Эмне себептен экени белгисиз. Учурда Ольга дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ольга Шувалова "Сынган жарыктар көчөсү" ("Улица разбитых фонарей") жана "Спецназ" сериалдарында роль жаратып, "Баары өлөт, бирок мен калам" ("Все умрут, а я останусь") тасмасында башкы ролдордун бирин аткарган.