Кыргызстандык жаш моделдер Teen Star International 2023 аталышындагы эл аралык балдар сулуулук сынагынан байгелүү кайтышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына World Kids Beauty Association эл аралык уюмунун директору жана Бишкектеги Chance балдар моделдик агенттигинин негиздөөчүсү Айжамал Осмонова билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара 2-10-июль күндөрү Таиландда өткөн. Ага Австралия, Таиланд, Филиппин, Тайвань, Монголия, Шри-Ланка, Непал, Индонезия жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн жаш сулуулары катышкан. Сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан долбоордун жеңүүчү 3 өлкөсүнүн катарына кирген. Катышуучулар сахнага улуттук, кече жана фантазиялык образдарда чыгышып, өз өнөрлөрүн тартуулаган.
Сынакта 12 жаштагы Каныкей Абдыкалыкова өзүнүн жаш категориясы боюнча "Мыкты улуттук костьюм", "Элдин тандоосу" жана "Сүрөткө түшүү боюнча Мисс" титулдарына ээ болгон. 10 жаштагы Аяна Кубанычбекова да өзүнүн жаш категориясы боюнча "Мыкты улуттук костюм", "Элдин тандоосу" жана "Талант ээси" наамдарын жеңип алган.
Ошондой эле аталган иш-чарада калыстар тобу кыргызстандык катышуучулардын өзүнө болгон ишенимдүүлүгүн, дисциплинага маани бергенин, сылыктыгын жана жөнөкөйлүгүн баса белгилеп, улуттук кийимдер менен кыргыз кыздарынын таланттарына жогору баа беришкен.
10 күн өткөрүлгөн сынакта жаш сулуулар ар улуттун маданияты менен таанышып, өздөрү да Кыргызстандын маданиятын башка катышуучуларга таанытышкан.