15-16-июль күндөрү Ысык-Көлдөн Бишкек шаарына кайткан унаалардын ичинен жол эрежесин бузган 360 айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЖКККББнын Ысык-Көл жана Чүй облусу боюнча кызматкерлери жана борбордук аппаратынын өздүк курамы Бишкек - Ысык-Көл багыты боюнча айланма жолдо жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн иш алып барышты.
Белгилей кетсек, унаалардын саны көп болгондуктан каршы тилкеге чыккан 7 айдоочуга жана ылдамдыкты ашыра айдаган 353 айдоочуга тийиштүү айып пулдар салынды.
ЖКККББ жалпы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.