Насыйкат Баймырзаева "Витебск-2023" сынагында 3-орунга ээ болду (видео)

Витебск шаарында өткөн сынакта кыргызстандык Насыйкат Баймырзаева 3-орунду алып, 500 доллар өлчөмүндөгү сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда ырчы, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, “Витебск-2023” сынагы ХХХII Славян базары искусство фестивалынын алкагында өткөн. Ага дүйнөнүн 18 мамлекетинен 8-14 жаштагы таланттуу балдар катышты.

Сынактын биринчи күнүндө катышуучулар эстрадалык-симфониялык оркестрдин коштоосунда өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми Кыргызстандын атынан чыккан Насыйкат атактуу “Тоңгон жүрөк” ("Холодное сердце") мультфильминдеги Эльзанын “Коё бер, унут” ("Отпусти и забудь") аттуу ырын ырдады. Ал эми экинчи күнү катышуучулар өз эне тилиндеги ырларды аткарышты. Анда Насыйкат Баймырзаева "Апамды издейм" тасмасынын саунтреги "Энекем, ай" ырын аткарган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан барган делегацияны өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева жетектеп барды.

Насыйкат Баймырзаева жеңүүчү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан