Ички иштер министрлиги унаа каражаттарынын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү төлөмүн азайтууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" Конституциялык Мыйзамынын беренелерине ылайык Министрлер кабинети коомдук талкууга алып чыкты.
Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга жыйымдарды төлөөнүн төмөнкү өлчөмдөрү колдонулары белгиленсин:
- жеке жак-резиденттер үчүн 50 миң сом (азыр 80 миң сом);
- юридикалык жактар үчүн 70 миң сом (азыр 100 миң сом);
- резидент эместер үчүн 90 миң сом (азыр 120 миң сом).
Белгилей кетсек, унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо 2022- жылдын 1-июнунан башталган.