Түркмөнстан калкынын санын расмий түрдө ачыктады

Түркмөнстанда 2022-жылдын декабрь айындагы калк каттоонун жыйынтыгын Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасы Довлетгелди Аманмухаммедов жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасы Министрлер кабинетинин жыйынында билдиргендей, бүгүнкү күндө Түркмөнстанда 7 миллиондон ашуун адам жашайт.

Ага ылайык, 2022-жылдын декабрь айындагы калк каттоо боюнча өлкөдө 7 миллион 57 миң 841 киши жашай турганы аныкталган. Алардын жарымынан көбү - аял кишилер. Калктын 47,1 пайызы шаарларда, 52,9 пайызы айылдарда күн өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркмөнстанда калктын саны расмий түрдө жарыяланчу эмес. 2015-жылы "Хроника Туркменистана" 2012-жылдагы калк каттоого шилтеме берүү менен өлкөдө 4 миллион 751 миң 120 адам жашай турганын жар салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан