Бүгүн, 17-июлда социалдык тармактарда блогер Эртай Искаковду сот имаратынан чыгарып баратканда атасы коштошуу үчүн артынан чуркап келген видеосу тарады.
Видеодо Эртай Искаковдун атасы коштошуу үчүн баласынын артынан чуркап "Коркпо, балам. Эртең Чүйгө которобуз", - деп айтканын көрүүгө болот. Мындан тышкары видеодо анын колдоочулары да "Эл сени менен! Коркпо, Эртай!", - деп айткандары да бар.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-июлда блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаковго карата баш коргоо чарасы катары Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.
Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.